Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Аксы: Райкомол айлындагы калк кырсык тооруган жерден көчүрүлүүгө тийиш


Табият кырсыгы тооруган Райкомол айылындагы 49 үй-бүлөнү башка жакка тез арада көчүрүү зарылдыгы жөнүндө кат менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги облус губернаторуна кайрылды. Андагы маалыматка караганда, 1995-2008-жылдын аралыгында көп жолу эскертилгенине карабастан, 27 үй ээси коопсуз жайга журт которгон эмес. Бир жума мурунку жер көчкүдөн кийин кошумча изилдөө жүргүзгөн министрликтин кызматкерлери айылда 22 үйдө жашоо кооптуу экенин аныктап, үй ээлерин эскертишти. Учурда Райкомолдо жер көчүнүн кесепеттерин жоюу иш-чаралары аяктоодо. БЭКтин штаб башчысы А.Бекназаров райондо кооптуу жайларда жашаган 200 үй-бүлө мамлекеттик жардамды толук алыша электигин билдирди. 16-апрелде айылдын 16 тургуну жер көчкү алдында калып, көз жумду.(YA)

XS
SM
MD
LG