Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

ИИМ: Депутатты аткан деп шектелген адам кармалганы анык


Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов маалымдады. Анын айтуусунда ЖК депутаты Санжар Кадыралиевдин киши колдуу болуп өлүшүнө байланыштуу ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын жана Бишкек ИИБнын кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн атайын топ кечээ 14-апрелдеги окуяга тиешеси бар, деген шек менен бирөөнү кармаган. Басма сөз катчысы азырынча тергөө кызыкчылыгына байланыштуу шектелген адам тууралуу эч кандай маалымат берилбей тургандыгын кошумчалады.
Буга чейин ЖК депутаты Санжар Кадыралиевди атып өлтүргөн деген шек менен 32 жаштагы Алтынбек аттуу жигит кармалганы, ал депутаттын мурдагы тааныштарынан экендиги кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG