Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:12

Ооган бийлиги талиптер менен сүйлөшүүлөрдө ийгиликтер байкалганын айтууда


Ооганстан президентинин өкүлү Хумаюн Хамидзаданын айтымында, өкмөт буга чейин бир катар жикчил топтор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында айрым согушчандар эл аралык кара тизмеден чыгарыла турган болсо ок атышууну токтотушарын айтышкан. Буга чейин АКШ президенти Барак Обама Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын сунуштап, айрым согушчандар менен сүйлөшүүлөрдү баштоо идеясын көтөргөн. Бирок талиптердин кепке келбес бөлүгү Обаманын сунушун «сандырак кеп» катары баалашып, чет элдик аскер күчтөрү өлкөдөн кетмейин урушту уланта беришерин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG