Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Самат Бөрүбаевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн Акбаралы Айтикеев 21-апрелде арызын берди. Ошону менен президенттикке ат салышууга арыз бергендердин саны бешке жетти. Бирок алардын экөөсүнүн арызы мыйзам талаптарына аткарбагандыктан жокко чыгарылган.(AiT)