Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:18

Кыргызстанга Иерусалимден керемет от алынып келинди


Бишкек жана ортоазиялык митрополит Владыка Владимирдин айтымында, бүгүн саат төрттө православдар чиркөөсүндө керемет от бардык каалоочуларга таратылат. Республиканын бардык региондорунан 30 чиркөө кызматкери келип, керемет отту алып кетишет. "Ар бир адам оттун кереметин жүрөгү менен сезе билет",-дейт Владыка Владимир. Керемет от православдардын Пасха майрамынын алдында Иерусалимдеги кудайдын табытынын үстүнө түшкөн нурдан алынат. От алгачкы он мүнөт аралыгында денени күйгүзбөй, өзгөчө касиетке ээ болот. Нурдан жаралган отту алгач Иерусалимдин патриархы гана алып чыгууга укуктуу. Кыргызстанга керемет от биринчи жолу 2003-жылы алынып келинген. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG