Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Элдик курултай 25-апрелде Арашан айылында өтөт


Бириккен элдик кыймылдын уюштуруу штабынын жетекчиси Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча учурда курултайга даярдык кызуу жүрүп жатат. Оппозициялык кыймыл бүгүн жабык эшик артында жыйынга чогулуп, иш-чаранын өткөрүлүү тартибинин жол-жоболору тууралуу сүйлөшмөкчү.
Мурда кабарлангандай 25-апрель күнү БЭК Чүйдөгү Арашан айлында кезексиз Элдик курултай өткөрөт. Анда бириккен оппозициянын президенттик шайлоого бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги расмий жарыяланат. Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” белгилегени боюнча иш-чараны Алмазбек Атамбаев эмес, БЭК уюштуруп-өткөрүүдө. Курултайга Кыргызстандын бардык аймактарынан делегаттар чакырылган. Аларды алып келүү жана кайра жеткирүү иштерин да оппозициялык кыймыл мойнуна алды. 25-апрелде боло турган Элдик курултай оппозициянын 20-апрелден кийин башталат деп билдирген нааразылык акцияларынын алкагында өтүп, анда БЭК кийинки кадамдар тууралуу эл менен кеңешмекчи, дейт А. Бекназаров.(ZKo)

XS
SM
MD
LG