Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Жалал-Абат облусунда экономикалык кризистен улам ишканалар чекесинен жабылууда


Экономикалык кризистин айынан жана каражаттын жоктугунан облуста эки ишкана токтоду. Жалал-Абат шаарындагы «Мата» ишканасы менен азиздер жана дүлөйлөр коому өндүрүштү азайткан. Майлуу-Суудагы фабрикада тигүүчүлөрдүн саны он эсе кыскарган. Ошонун айынан бажы төлөмдөрү боюнча план толбой, облустагы 34 айыл өкмөтү жергиликтүү салыктарды аткарбаганы жөнүндө областтык жыйында сөз болду. Өндүрүлбөгөн салыктардын көлөмү 80 миллионго жетип, жергиликтүү казына бюджеттик кызматкерлердин 3 миллион сомдон ашык эмгек акысын төлөй элек. (YA)

XS
SM
MD
LG