Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Элмира Ибраимова элге кайрылуу менен чыкты


Анда мурдагы вице-премьер-министр “Ак жол” партиясы коомдо жаңы толкундоолордун коркунучун пайда кылган саясий ыргылжыңчылык тушунда, улам кайталанып жаткан төңкөрүштөр, жер-жерлердеги уруучул, тууганчыл топтордун каршылыгы, мамлекеттик бийликтин аракетсиздиги мамлекет үчүн канчалык оор экенин түшүнүп, өлкөнү бул жолдон алып чыгуу максатында түзүлгөнүн белгилеген. Кайрылууда партиянын негиздөөчүлөрү өлкөнүн Президенти Конституциянын кепилдигин алуу менен, кыргыз мамлекетүүлүгү үчүн алаамат болуп эсептелген мына ушул көрүнүштөргө каршы турууга тийиш эле, деп айтылат. “Ушулардын баарын таразалап, электен өткөргөндөн кийин, бийликке жетүүгө эмес, өлкөнү өнүктүрүүгө бекем бел байлап киришкен бир нече саясий партиялар жана саясий топтор жаңы саясий негизди, жаңы саясий партияны түзүшүп, аны бийлик партиясы дебестен, элдик партия деп аташкан. Мында биз бийлик айкын демократияны, коррупциялык системаны жок кылууну, адеп-ахлактык жана руханий жактан жогорулоону, кадрларды тазалоону жана жаңылоону, камсыз кылууга тийиш деп ойлогонбуз. Биздин бардыгыбыз 2005-жылдын мартында алынган сабактан улам, бийлик оңолот деп ишенгенбиз,” деп жазат Э. Ибраимова. (ZKo)

XS
SM
MD
LG