Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Э. Ибраимова: Президент элге жооп бериш керек


Бул тууралуу “Ак жол” партиясынын мүчөсү, экс-депутат жана мурдагы вице-премьер-министр Элмира Ибраимованын кайрылуусунда айтылган. Анда айтылгандай президент Курманбек Бакиев төрт жылдык башкаруу учурунда эмне үчүн өлкө жарандарынын коопсуздугу сакталбай жатат, эмне үчүн сөз эркиндиги буулуп жатат, эмне себептен экономикалык өсүштүн ордуна тескерисинче туңгуюкка кетип жатабыз, эмнеге менчикти басып алуулар күчөп жатат, эмне үчүн мамлекеттик органдар мамлекеттик бийликтен эмес, бир үй-бүлөдөн башкарылып калды, өлкөнүн улуттук таламдары үй-бүлөлүк бизнестин кызыкчылыгына алмаштырылып жатат, деген элдин суроолоруна июль айына белгиленген президенттик шайлоо алдында жооп бериши керек. Мындан тышкары кайрылуу ээси өзүн “Ак жол” партиясынан чыгаруу боюнча түрдүү чаралар уюштуруларына да көзү жетип тургандыгын белгилеп, мындай кырдаалда партиялаштарынын турмуштук позициясына таянарын, чечим кабыл алууда партиянын ар бир мүчөсү өз абийирине жараша кадам таштайт жана партия –Кыргызстандын кызыкчылыгын жетекчиликке алат, деген ишенимин билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG