Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

А. Атамбаев: “Айрымдардын колкосуна тыгылган сөөк болгонум үчүн премьерликтен бошотту”


Бирдиктүү оппозициядан талапкер, Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмаз Атамбаев бүгүн “Азаттыкка” берген интервьюсунда, “2007-жылдын мартында оппозициянын чечими менен премьерликке барганын, ал өкмөт башчы болуп турганда бир топ ууруларды катуу чектеп, жемкорлукту токтотууга аракет кылганын, ошонун аркасында бюджет Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу профицит (ашык акча) менен чыкканын” билдирди. “Мен ал кезде Курманбек Салиевичтин өзүнө дагы “Президент кайсы бир партиянын эмес, жалпы журттун башчысы болушу керек деп айткам, тилекке каршы, ал аны укпады”, деди. А. Атамбаев өкмөт башчы кезинде ууланганын, бирок Улуттук коопсуздук кызматы ал окуяны “байкоосуздан уулануу” катары баалаганын, бирок “кыңыр иш кырк жылда билинээрин” билдирди.

XS
SM
MD
LG