Косово президенти Фатмир Сейдиунун айтымында, Косово мамлекети Сербиядан көз карандысыздыгын алганына бир жыл өттү. Андыктан БУУнун өлкөдөгү миссиясын токтотууга да мезгил келип жетти. Расмий түрдө 1999-жылдагы БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык, Косовону БУУ камкордукка алган.