Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Хилари Клинтон Ирандын өзөктүк курал жасоосуна жол бербөөгө чакырды


Х.Клинтондун айтымында, АКШ кандай болгон күндө да Ирандын андай аракеттерин токтотуу чараларын көрөт. Конгресстин тышкы иштер боюнча комитетинде сөз сүйлөп жатып ал, Ирандын өзөктүк программасы өкмөттүн күн тартибиндеги негизги маселелерден экенин билдирди. Ошондой эле ал Иран жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр натыйжасыз боло турган болсо, чектөөлөрдү күчөтүү керектигин айтты. Андан тышкары Х.Клинтон эл аралык коомчулук Ооганстан менен Пакистандагы экстремизм маселесин чечүү үчүн тыгыз иштеп жатышканын айтып, бирок Пакистан бийлиги айрым аймактарында террорчуларга шариатты орнотууга жол берип жатканын, андайга жол бербөө керектигин баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG