Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

А. Калмаматов: Элмира Ибраимова “Ак жол” партиясынын атынан сүйлөөгө акысыз


ЖК “Ак жолчу” депутаты Ажыбай Калмаматов “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдиргени боюнча Элмира Ибраимова партиянын төрага орун басарлыгынан өткөн жылы май айында эле четтеген, ал эми быйыл жаңы жылдан бери бир да жолу байланышкан эмес. “Устав боюнча кандай гана партия болбосун андан үч ай байланышын үзүп, мүчөлүк акысын төлөп турбаса ал киши автоматтуу түрдө партиядан чыгарылышы керек. Анан үч-төрт айдан бери эч үнү билинбеген Элмира айымдын чыга калып кайрылуу жасашы, анын үстүнө “Ак жол” партиясынын атынан чыгып сүйлөп жатышы моралдык укук береби-бербейби – ушуга мен таң калып турам,” –дейт депутат.
Депутат бул тууралуу бүгүн парламентте да билдирип, Элмира Ибраимованын кайрылуусуна пикирлерин билдирүүнү партиялаштарынан өтүндү.

Мурдагы вице-премьер-министр, “Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары Элмира Ибраимова кечээ президентке кайрылуу жасап, Кыргызстандын акыркы төрт жылда оор акыбалга кептелишине жооп берүүсүн талап кылган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG