Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

Жалпы республикалык тестирлөөгө быйыл бүтүрүүчүлөрдүн 47 % гана тартылат


Билим министрлиги жакында эле бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин баалоодо быйыл да тест системасын иште калтыруу чечимин чыгарган. Буга чейин министрлик тарабынан бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин баалоо үчүн бирдиктүү экзамен киргизүү демилгеси көтөрүлүп, бирок каржы маселесинен улам ал 2009-жылы ишке кирбей калды. Билим министрлигинин адиси Канат Садыковдун айтымында жалпы республикалык тесттин суроолору мектеп программасынан чыгып кетип, негизинен балдардын логикалык ой-жүгүртүүсүнө багытталып калып атат. “2002-жылдан тарта тестирлөө системасы ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алууда коррупциялык механизмдеге жол бербөөгө өз салымын кошту. Бирок акыркы 3-4 жылдын жыйынтыгы көрсөткөндөй тестке бүтүрүүчүлөрдүн дээрлик жарымы тартылбай калып атат. Быйыл ага бүтүрүүчүлөрдүн 47% гана тартылып атат” –дейт К.Садыков. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG