Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Жоголгон депутат, депутаттын уулун издөө боюнча иш жүрүп жатат


Ички иштер министри өткөн жылы дайынсыз жоголгон депутат Руслан Шаботоев менен депутат Ж. Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиражановдун уулун издөө иштери жүрүп жатканын билдирип, алардын өлүү-тирүү экендигинен туугандары да кабардар деген айыңдар бар экенин айтып кетти. Уулу 28-сентябрдан бери дайынсыз жоголуп аткан депутат өз кезегинде министрге каяша кылып, “Мен уулумду жашырып коюп, “жоголду” деп ыйлагыдай айбан эмесмин. ИИМ менен УКМК акыркы убактарда туура эмес маалыматтарды таратууга киришип атат. Чоң микрофондо айтардан мурун бир аз териштирүү керек,” деп айтып кетти. Ж. Жээнбековдун сөзү боюнча мындай айыңдардын тарашына ИИМдеги Турат аттуу тергөөчүнүн күнөөсү бар. Министр болсо депутаттын сөзүн четке какты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG