Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:01

2008-жылы өкмөттүн ишинде кемчиликтер да болду


Премьер-министр Игорь Чудинов социал-демократчы депутат Иса Өмүркуловдун суроосуна жооп берип жатып, өкмөттүн ишинде кемчиликтер да болгондугун мойнуна алды. Анын айтуусунда өткөн жылы айыл чарбасына салынган каражат өзүн актаган жок, бул деген айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин күнөөсү. “Салык кодексине байланыштуу иш-чара чийки болуп калган. Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жетиштүү деңгээлде колдой албай жатабыз. Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу оор болуп атат. Электр энергиясын ири өндүрүштө жана айыл чарбасында колдонууну азайтуу тууралуу кеп кылганбыз, бирок бул дагы ишке ашкан жок,” деди И. Чудинов. Экономикалык кыйынчылык мезгилинде салык кодексин жаңыртууга кандай зарылдык бар эле, деген суроого өкмөт башчы салыкты бардык тармакка бирдей бөлүштүрүү зарылдыгынан улам, деп жооп берди. Премьер-министр ошондой эле өкмөт парламентке бюджетке өзгөртүү киргизип берүү өтүнүчү менен келерин маалымдады. Анын айтуусунда бул экономикалык кырдаалга байланыштуу болууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG