Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

“Учур” гезити 3 млн.сом айып пулга жыгылды


Бишкек шаарынын район аралык соту бүгүн “Жаннат” мейманканасынын аталган гезитке карата доо арызын карады. Гезит бетинде жарыяланган мейманкана тууралуу макаласы үчүн сот “Учурду” 3 млн. сом айыпка тартты. Басылма мейманкана ээлерине 2 млн. сомду моралдык зыян үчүн, ал эми 1 млн.сомду материалдык чыгым үчүн төлөп берүүгө милдеттендирилди. Соттук териштирүүгө алып барган чулгандуу макалада мейманкана шлакоблоктон курулганы белгиленген. Мейманкана ээлери бул чындыкка коошпойт деп, гезитке каршы доо арыз менен сотко кайрылган. “Учур”соттун бул чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотко каршы арыз менен кайрылууну чечти. Гезит ээлери басылмага карата мындай аракеттер өлкөдө сөз эркиндигин ооздуктоого багытталган саясий буйрутма болуп жатат деген божомолдорун келтирүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG