Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

И. Чудинов: “Манас” аба базасы боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жок


Бул тууралуу премьер-министр бүгүн парламентте депутат Гүлнара Дербишеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди. “Манас” аба базасы тууралуу келишимдерди сиздер денонсациялап бергенсиздер, ошол боюнча бул аба базасы жөнүндө эч бир тарап менен, эч кандай сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жери жок,” деп белгиледи өкмөт башчы.
Антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча АКШ жана башка он бир өлкө менен түзүлгөн келишимди бузуу тууралуу кыргыз өкмөтү чечим кабыл алгандыгын президент К. Бакиев 4-февралда Москвада жарыялаган. Көп өтпөй өкмөттүн бул чечимин ЖК колдоп берген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG