Бириккен оппозициялык кыймыл тараткан маалымат боюнча мындай чечимди БЭК кечээки жыйында кабыл алган. 25-апрелде Арашан айлында боло турган курултайда оппозициянын президенттикке бирдиктүү талапкери -Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги расмий жарыяланат. Мындан тышкары өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал талкууга алынат. Оппозициянын кечээки жыйынында БЭКтин саясий бюросуна жаңы мүчөлөр: Т. Тургуналиев, Б. Шерниязов жана Б. Бешимов кабыл алынды.(ZKo)