Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

БЭК: Курултайга ар бир обулустан алтымыштан киши келет


Бул тууралуу БЭКтин штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Чүйдүн Арашан айылында өтө турган курултайда оппозициядан президентикке бирдиктүү талапкер Алмаз Атамбаевге жана Исмаил Исакавго элден бата алынат. "БЭК “шайлоо таза өтсүн” деген маанайда президентке бир катар талаптар коюп 20-апрелге дейре жооп күттү. Президент бул талаптар аткарылбайт дегендей 19-апрелде жооп кайтарды. Курултайда БЭК өлкө башчсынын жообун элге жеткирүүнү максат кылат” - деп билдирди Азимбек Бекназаров. Анын айтымында, 25-апрелде өтө турган курултай соңунда Арашан айылында, оюн-зоок уюштурулуп, Көк-Бөрү тартылат. (EK)

XS
SM
MD
LG