Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Х. Клинтон: Иранды өзөктүк куралга жеткирбөө - АКШнын милдети


Студенттер даражалуу диниятчини Ирандын ядролук өнөр жайдагы жетишкендиктерине арналган көргөзмө менен тааныштырышууда.Шахид Бехешти университети, Тегеран. 20-апрель 2009
Студенттер даражалуу диниятчини Ирандын ядролук өнөр жайдагы жетишкендиктерине арналган көргөзмө менен тааныштырышууда.Шахид Бехешти университети, Тегеран. 20-апрель 2009

АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Өкүлдөр жыйынын Тышкы иштер комитетиндеги угууда эгер Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликсиз болсо, Иранга каршы чектөө (санкция) дагы күчөтүлүшү керек деп айтты.

Мамкатчы Хиллари Клинтон шаршемби күнү конгрессмендер менен болгон жолгушууда Иран жана анын өзөктүк программасы- Барак Обаманын администрациянын тышкы саясатындагы эң орчундуу маселелерден экенин баса белгиледи жана Ак Үй президент Буш
Мамкатчы Хиллари Клинтон АКШнын тышкы саясаттагы орчун милдеттери боюнча Өкүлдөр жыйынынын Тышкы байланыштар комитетиндеги угууда түшүндүрмө берүүдө. Вашингтон. 22-апрель
тушундагы саясаттан баш тартканына көңүл бурду:

–Ирандын коркунучуна каршы жаңыча жолдор менен иштөөдөбүз. Муну биз көздү чоң ачып, абалды туура түшүнүү менен жасап жатабыз. Ирандын ядролук куралдуу болуусуна жол бербөөнү-өз милдетибиз деп билебиз. Буга чейин Кошмо Штаттар көбүнэсе 5+1 тобунан сыртта турса, азыр анын ишенимдүү өнөктөшү.

АКШ апрелдин башында Ирандын өзөктүк программасы боюнча 5+1 деп аталган топтун алкагындагы сүйлөшүүлөргө активдүү катышаарын билдирген эле.
"... сунушубуз четке кагылса, же жараян максатына жетпесе, же ийгиликсиз болсо, сиздер айткан “дагы күчтүү” санкция зарыл болот деп ойлом. Биз андай катаал чарага азыртан камдануудабыз." Хиллари Клинтон,
22-апрель 2009-жыл


Иран уранды байытуу электр энерегиясын тынчтык максатында өндүрүүнү көздөөрүн үзбөй айтып келет. Бирок АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Тегеран ядролук куралдын үстүнөн иштөөдө деп санашат.

Клинтон айым Өкүлдөр жыйынын Тышкы иштер комитетиндеги угууда айтканына караганда, Мамдепартамент Иран менен сүйлөшүүгө АКШга союздаш өлкөлөрдү да тарткан. Ирандын өзөктүк программасына каршы өлкөлөр көп болсо, ийгиликке жетүүгө жакшы өбөлгө болот деп санайт Вашингтон. Ушундан улам, 31-мартта Гаагада өткөн Ооганстан боюнча конференцияга Иран атайы чакырылган. Иран өнөктөштүккө даяр болсо, АКШ ушул нуктан жазбайт, деди Хиллари Клинтон. Бирок, АКШнын дипломаттык аракети оңунан чыкпаса, Тегеранга каршы санкцияны дагы күчөтүү зарыл болот:

-...президент Обама инагурациясында айткандай: “Биз колубузду сунабыз, алар муштумун жазышы зарыл.” Бирок, биздин сунушубуз четке кагылса, же жараян максатына жетпесе, же ийгиликсиз болсо, сиздер айткан “дагы күчтүү” санкция зарыл болот деп ойлом. Биз андай катаал чарага азыртан камдануудабыз.

Иран ядролук программасы боюнча эларалык коомчулук менен “конструктивдүү диалогго” даяр экенин, бирок уранды байытууну токтотпосун өкмөттүк ИРНА аганттиги кабарлады. Иран 5+1 тобуна кирген АКШ, Британия, Кытай, Россия, Франция плюс Германиянын жаңы сүйлөшүү жөнүндөгү сунушуна ушундай жооп берди.

Тегеран-Вашингтон мамилеси америкалык журналист Роксана Собери АКШнын пайдасына шпиондук кылды деп, сегиз жылга кесилгенден кийин демейдегиден да соолгуй түштү. Хиллари Клинтон теги ирандык Роксана Собери «эч негизсиз, адилетсиз жана орой жол менен” соттолгонун айтып, “Ал үйүнө кайтып келгендей болуш керек жана биз буга жетишебиз” деди Конгрессте шаршемби күнү болгон угууда.

XS
SM
MD
LG