Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Пакистан өкмөтү сындады


АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Пакистан өкмөтү өлкөнүн бир бөлүгүндө шарият орнотууга макул болуп, талиптерге моюн сунуп берди деп сындады. Пакистан эми дүйнөдөгү коопсуздукка коркунуч туудурган өлкөгө айланды, - деди Клинтон америкалык мыйзамгерлердин суроолоруна жооп берип жатып. Бул аралыкта шарият киргизилген Сват чөлкөмүндөгү согушкерлер өлкөнүн башка аймактарына өтө башташты. Бүгүн аскерлер баш калаа Исламабаддын чет жакасындагы Бунер деген жерге жайгаштырылды. Талип жоочулары бир нече күн мурун ал жерде текшерүү пунктарын орнотуп, көчөлөрдү, базарларды көзөмөлгө алышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бүгүн шектүү согушкерлер бир полициячыны атып өлтүрүп, дагы бирөөнү жарадар кылышты. Исламабад өкмөтү Сват жана анын айланасындагы аймактарда тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн шарият орноттурууга жол берген. Батыш өклөлөрү жана кошуна Ооганстан мындай келишим талиптердин жана ал-кайидачылардын турумдарын гана бекемдейт деп чочулашат.

XS
SM
MD
LG