Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Дыйкандар партиясынын төрагасы президенттик шайлоого катышат


Бул тууралуу аталган партиянын төрагасы Куттубек Асылбеков бүгүн билдирди. Партия тараткан билдирүүдө, президент Курманбек Бакиевдин башкаруусу күткөн жыйынтыкты бербегени, ал өзүнө жүктөлгөн үмүттү актай албаганы айтылат. Ошондуктан өлкөнү башкарууга жаңы күч, жаңы муун келиши керек, дейт К. Асылбеков “Азаттыкка”. Анын айтымында, Дыйкандар партиясы өлкөнү экономикалык өнүктүрүү боюнча “Төө Ашуу” деп аталган программаны ишке ашырып жатат. Программа негизинен жерди сапаттуу иштетүүгө багытталган. Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргендер арасында Алмазбек Атамбаев, Исмаил Исаков, Назарбек Нишанов, Акбаралы Айтиев жана башкалар бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG