Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Коомчулуктун өкүлдөрү сотко катышууга укук алат


Ага негиз берген “Соттогу өкүлдөр” жөнүндөгү мыйзамды бүгүн Жогорку Кеңеш кабыл алды. Мыйзам президент К.Бакиевдин демилгеси менен Конституциянын 15-беренесине ылайык иштелип чыккан. Жаңы мыйзам күчүнө кирсе коомчулуктун сотко катышууга укук алчу тогуз адамдан турган коллегиясы түзүлөт жана алар район аралык соттун кылмыш иштерин кароосуна катышат. Коллегиянын мүчөлөрү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын тизмеси менен тандалат. Сот кылмыш иштери боюнча өкүмдү ошол коомчулук өкүлдөрүнүн жетөөсүнүн добуш берүүсүнөн кийин гана чыгарат. Өкүл болууга 25 жаштан 65 жашка чейинки ар бир жаран укуктуу. Аны ишке ашыруу боюнча үлгү долбоорлор 2012-жылдан тарта Бишкек менен Ош шаарларында, 2013-жылы Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарында, 2014-жылы Нарын, Баткен, Талас облустарында башталат. (BD)

XS
SM
MD
LG