Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

Чет элдиктер канча баланы асырап алгандыгын Башкы прокуратура тактайт


Жогорку Кеңеш Башкы прокуратурага мындай милдетти бүгүн чет өлкөлүктөргө асыроого балдарды берүү маселесин иликтеген жумушчу комиссиянын маалыматын уккандан кийин койду. Башкы прокурордун биринчи орун басары Сумар Насизанын билдирүүсү боюнча акыркы эки жыл ичинде балдарды асыроого мыйзамсыз уруксаат берүү боюнча 36 кылмыш иши козголду. Бул иште Билим берүү министрлигинин, жеке нотариустардын жана балдарды асырап алуу боюнча чет өлкөлүк агенттиктердин ортосунда макулдашуу болгондугу аныкталган. Жогорку Кеңеш ушул жылдын 1-октярына чейин балдардын укугун коргоо боюнча атайын орган түзүү маселесин карап көрүүнү өкмөткө, асыроого уруксаат берген соттордун чечиминин мыйзамдуулугун териштирүүнү Жогорку Сотко тапшырды. Акыркы эки жылда Кыргызстандык 167 баланы чет өлкөлүктөр багып алышкан.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG