Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Иракта согуш учурундагы кол салуулардан 110 миң адам каза тапкан


Бул тууралуу “Ассошейтед пресс” агенттиги билдирди. Агенттик Ирак өкмөтүнүн жашыруун статистикасына шилетеме берип кабарлаганына караганда, 2005-жылдан бери эле өлкөдө түрдүү кыянатчылыктардан мерт болгон жарандардын саны 87 миңден ашат. Аталган маалыматты Ирактагы согуштун алгачкы эки жылынын статистикасы менен салыштырып, “Ассошейтед пресс” андан бери 110 миң 600 адам мерт болгон деген тыянакка келет. Бирок бул маалыматтар азырынча башка булактар тарабынан ырастала элек.

Ал эми кечээ жанкечтилердин жардырууларынан Иракта 90го жакын киши каза тапты, ондогондору жаракат алды. Бул - Ирак үчүн акыркы бир жыл аралыгындагы эң кандуу күн болду.

XS
SM
MD
LG