Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

НАТО адам укугун коргоочулардын талабын четке какты


Эл аралык Мунапыс уюму НАТОну мындан он жыл мурун Сербиянын телекөрсөтүүсү жайгашкан имарат бомбалангандагы адам өлүмү үчүн жоопкерчилик алууну талап кылган эле. 1999-жылдын 23-аперелинде Белграддагы телеборборго жасалган аба соккусунан 16 адам каза таап, 16сы жаракат алган. НАТОнун өкүлүнүн бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, жоопкерчилик жөнүндөгү маселе күн тартибинен алынган. Гаага трибуналы ал бомбалоону аскерий инсфраструктураны жана кош максатта пайдаланылган объекттерди жок кылууга багытталган операциянын бир бөлүгү деп тааныган. Телеборбор мына ошондой объекттердин тизмесине кирүүчү.

XS
SM
MD
LG