Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

Ирак башкааласында эки жанкечти жасаган жардыруудан 55 киши мерт болду


Эки жанкечти бул ирээт өздөрүн Багдаддын Кадимия деген районунда шийиттер үчүн ыйык саналган күмбөздүн кире беришинен жардырып жиберишти. Жарылуудан кеминде 55 киши каза тапкандан тышкары, 100дөн ашуун адам жаракат алган. Мунун алдында кечээ эле Багдадда жана өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Дияла провинциясында жанкечтилердин эки жардыруусунан 90го жакын адам каза тапкан эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG