Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

Жекшембиде Петровка айылындагы орустар нааразылык акциясына чыгат


Бул туурасында жергиликтүү укук коргочулардын бири Сапар Аргынбаев “Азаттыкка” кабарлады. Айтылган маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 6-апрель күнү Петровка айылынан орус улутундагы 4 жашар кыздын зордукталганы белгилүү болгон. Айыл тургундары кылмышка шектүү деп күрд улутундагы жигитти белгилешкени менен аймактык милиция окуяны убагында иликтөөгө алган эмес. Буга чейин Петровкадагы орус жана күрд улуттарынын ортосунда бир катар пикир келишпестиктер болгон, 4 жашар кыздын зордукталышы мамилени ого бетер курчутууда дешет, жергиликтүү укук коргоочулар. Москва райондук ИИБинин башчысы Жеңиш Жоробеков аталган окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Бирок Петровкадагы айрым орустар райондук ички иштер кызматкерлерине ишеним көрсөтпөйбүз деп белгилешүүдө. (JJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG