Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

Президент К.Бакиев Баткенде


Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов билдирди.Президент Курманбек Бакиев ушул тапта Баткен облусундагы Бужум деген айылына жакын жерде өтүп жаткан "Коопсуздук-2009" аттуу командалык-штабдык машыгуунун экинчи баскычынын өтүшүнө көз салууда. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, машыгуу "Кыргызстандын түштүк регионунда аскерий коопсуздукту камсыз кылуу милдеттерине даярдык көрүү жана аткаруу" деп аталат. Анын максаты террактар же куралчан топтордун чабуулу болсо ага каршылык көрсөтүүдө жана диний-экстремисттик кыймылдардын өкүлдөрү топтолгон жерлердеги кыйын абалды жоюуда аскерий тармактардын өз ара көмөктөшүүсүн иш жүзүндө уюштурууга үйрөтүү. Коргоо министрлигинин аскерлери эл аралык террорчулар деп эсептелген топту Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун учактарынын жардамы менен жок кылат. Машыгуунун жүрүшүнө Коопсуздук кеңештин катчысы Адахам Мадумаров да көз салып жатат.(BD)

XS
SM
MD
LG