Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Бала менен эненин өлүмүн кыскартуу көйгөйү Бишкекте талкууланат


Мындай маалыматты ЮНИСЕФ уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматкери Ольга Гребенникова билдирди. Анын айтымында, 27-апрелде Кыргызстанда бала менен эненин өлүмүн кыскартууга арналган тегерек устөл жыйыны болуп, анда Дүйнөлүк банк баштаган эл аралык уюмдардын эксперттери менен өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын адистери аталган көйгөйдү жоюу жолдорун аныкташат. Анткени жакында "Кыргызстанда Миң жылдыктын чакырыктарынын максатына жетүү аракетинин өнүгүшү" деген отчетто балдар менен эненин өлүмүнө жана аны кыскартууга көңүл бөлүнбөгөндүгү айтылган. Иликтөө бала менен эненин өлүмүн болтурбоо үчүн алдын-ала чараларды көрүү, алардын саламаттыгын коргоо саясаты утурумдук гана мүнөзгө ээ экендигин аныктаган. (BD)

XS
SM
MD
LG