Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

БЭКтин мүчөлөрүнүн баары курултайда


"Азаттыктын" кабарчысынын билдирүүсү боюнча, БЭКтин бардык мүчөлөрү Аламүдүн районундагы Арашан айылында өтүүчү үчүнчү элдик курултайга чогулушту. Бирок курултайдын расмий бөлүгү баштала элек. Ага катышуу үчүн келип жаткандардын аягы дагы суюла элек. "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматовдун билдирүүсү боюнча, курултайга чогулган адамдардын саны үч миңден ашты. Ал эми курултайга байкоо салуу үчүн барган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү элдин саны бир жарым же эки миңдин тегерегинде деп жатышат. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG