Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

БЭКтин курултайы башталды


Курултайды БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров ачып, курултайды өткөрүүнүн максаты БЭКтин атынан президенттикке талапкерликке Алмаз Атамбаевди көрсөтүү экендигин билдирди. Андан тышкары БЭК президенттикке талапкерликке өзүн-өзү көрсөткөн экс-коргоо министри Исмаил Исаковду да колдоорун билдирди. Азыр ушул тапта Кыргызстандын Эл баатыры Сүйүнбай Эралиев сүйлөп, жазуучуларды колдоо фондун жетектеп келаткан Алмаз Атамбаевдин талапкерлигин колдоорун жана ал шайланат деп ишенээрин билдирди. Курултайда Сооронбай Жусуев, Бексултан Жакиев, Майрамкан Абылкасымовалар да сүйлөгөн жатышат.(BD)

XS
SM
MD
LG