Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

ЕККУнун бюросу президенттик шайлоого байкоо салат


ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлдөрү Кыргызстандагы президенттик шайлоого байкоо салышат. Кечээ тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев бюронун Кыргызстанга келген өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда министр 23-июлда өтө турган президенттик шайлоого чет жердеги жарандардын добуш берүүсүн уюштуруу иштери тууралуу маалымат берди. Шайлоого баа берүү үчүн келген ЕККУнун атайын делегациясынын башчысы, Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун шайлоолор боюнча кеңешчиси Николя Шмидт өз кезегинде министрге шайлоону таасын кызыгуу менен күтүп жатканын айтты. Бул сапар алкагында ЕККУнун делегациясы атайын баяндама чыгаарары да маалым болду. (EK)

XS
SM
MD
LG