Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын үчүнчү курултайы болду


Диний башкармалыктын басма сөз кызматкери Толкунбек Арсен уулунун “Азаттыкка” берген маалыматына караганда, курултайга 220 делегат катышып, Муфтий Муратаалы ажы Жумановдун отчетун угуп, аны канааттандырарлык деп баалашты. Андан кийин диний башкармалыктын уставына өзгөртүүлөр киргизилип, Уламалар кеңешинин мүчөлөрүнүн саны отуздан отуз бешке көбөйтүлдү. Курултай азыркы Муфтийдин ыйгарым укугун дагы узартып, отчет берүү мөөнөтүн жети жылдан беш жылга кыскартты жана борбордук көзөмөл комиссиянын тогуз адамдан турган тутумун шайлады.(BD)

XS
SM
MD
LG