Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:07

“Ак жол” Э.Ибраимованы катарынан чыгарды


“Ак жол” партиясынын саясий кеңеши жыйын куруп, өз партиялаштарына эл алдында жооп берүү милдети бар экендигин эскертип чакырык жолдогон Элмира Ибраимованы чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” саясий кеңештин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Раиса Сидоренко билдирди. Анын айтымында, саясий кеңеш андан тышкары партиянын курултайын 1-майда өткөрүү чечимин кабыл алып, уставы менен программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карады. Раиса Сидоренконун маалыматына караганда, “Ак жолдун” курултайында президенттикке талапкерликке азыркы президент Курманбек Бакиевдин талапкерлиги көрсөтүлөт деген ишеним чоң.(BD)

XS
SM
MD
LG