Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:44

Жалал-Абатта тыюу салынган китептер кармалды


Облустун тартип сакчылары айрым аймактарда текшерүү жүргүзүп, тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» партиясына тиешелүү делген адабияттарды колго түшүрүштү. Базар-Коргон районундагы мечиттин жанында өзбекстандык А.Мойдинов аттуу жарандан 38 китеп табылды. Шамалдуу-Сай шаарчасында эки кишиден 16 компакт диск жана китеп-гезиттер, көрмө кассета чыкты. Ноокен районундагы Достук айлынын тургунунан чагымчыл маанайда жазылган делип аткан китептер, эки компакт диск жана үн жазылган үч кассета алынды. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы таратты. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG