Бул тууралуу Бишкек Травматология жана ортопедия борборунун директору Сабыр Жумабеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кадырбаевге дагы операция жасалып, күйгөн терилерин калыбына келтирүү аракети көрүлөт. 22-апрелде полковник Кырккелди Кадырбаев үйүнө кирип баратканда белгисиз бирөөлөр анын бетине күкүрт кычкылын (кислота) чачып жиберишкен. (AJ)