Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Петровкадагы кырдаал турукташты


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Петровка айылында милиция кызматкерлери, Чүй облусунун жана Ички иштер министрлигинин тез арада аракеттенүүчү отряды кырдаалды көзөмөлдөөдө. Бир нече адам Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнө алынып келинип, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Кечээ түшкү саат бирлерде Москва районунун Петровка айылындагы кыргыз-орус улутундагы 300-350дөй адам митинг өткөрүшүп, 4 жаштагы орус кызды зордуктаган деп шектелген күрд улутундагы жигитти жергиликтүү укук коргоо органдары жоопко тартпаганына, күрд жаштарынын ээн баштыгына нааразылык билдиришкен. Митингдин аягы массалык баш-аламандыкка айлынып, күрддөр жашаган бир нече үйлөр таш бараңга алынган. Жыйынтыгында жыйырмадай үйдүн терезелери, 5-6 автоунаа талкаланган. Айрым маалыматтарда күрд улутундагы адам үй-жайын коргойм деп куралдан ок чыгарып, эки киши жарадар болгону айтылууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG