Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

С.Аргынбаев бийлик өкүлүнө курал менен каршылык көрсөттү деп айыпталууда


Бул тууралуу адвокат Асел Аргынбаева бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында “Болуш” ассоциациясынын башчысы Сапар Аргынбаев ИИМдин Ысык-Ата райондук убактылуу кармоочу жайына камалды. Кечээ Петровка айылында жаңжал чыгып, турак үйлөрдү массалык талкалоолор катталган. Буга жергиликтүү күрд улутундагы тургундун 4 жашар кызды зордукташы себеп болгон. Кыргыз, орус жана карачай улутундагы топ күрд улутундагы жергиликтүү бүлөлөрдүн турак үйлөрүн талкалашкан. Асел Аргынбаеванын маалыматына караганда жаңжалга катышты деп шектелгендерден 75 киши камакка алды. Алардын ичинен 63 киши Бишкектеги ИИМдин камбыл алып, бөлүштүрүүчү жайда кармалып турушат. Жашы жете элек 11 бала кайсы жакта кармалып турганы тактала элек.
Петровка окуясы боюнча “Улут арасына от жагуу”, “Массалык тартипсиздик” деген беренелери боюнча кылмыш иши козголгондугу маалымдалды. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG