Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:50

ИИМ: Петровакадагы кырдаал көзөмөлдө


ИИМдин басма сөз кызматы тараткан акыркы маалымат боюнча Чүй облустук бөлүмдөрдүн, ички аскер кызматынын, коопсуздук отрядынын кызматкерлери Москва районундагы Петровка жана ага жанаша айылдардын коопсуздугун карап турушат. “Азаттыктын” кабарчысынын маалыматына караганда камакка алынгандардын бошотулушун сурап жергиликтүү тургундар Петровка айылында мектептин жанында чогулуп турушат. Күрд улутундагы айыл тургундары түндө айылдан чыгып кеткендиги маалымдалууда. Төрт жашар кызды зордуктады деген күрд улутундагы жергиликтүү атуул камакка алынгандыгын милиция билдирди.
Кечээ зордуктоо фактысына байланыштуу күчөп кеткен жаңжалда ондон ашык турак үй талкаланып, бир автоунаа өрттөлүп, төртөө кулатылган. Бул окуя боюнча ИИМ кылмыш ишин козгоп, 50дөн ашык киши Бишкек шаардык убактылуу кармап, бөлүштүрүүчү жайга жеткирилген. Бейрасмий булактарда камалгандардын саны жетимиштен ашык деп, алардын кыйла бөлүгү өспүрүмдөр экендиги айтылууда. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG