Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

Нарын шаарынын мэри өлүм жазасына тартылгандар үчүн абактын курулушу боюнча кабарсыз


Мындай маалыматты Нарын шаарынын мэри Алмаз Кулматов бүгүн “Азатыкка” билдирди. Шаардын Москва чөлкөмүндө оңдолуп жаткан 51-колониянын кандай абак болоору белгисиз. «Бирок губернатор Өмүрбек Суваналиев да, мен да өлүм жазасына тартылгандар үчүн абактын Нарында салынышына каршыбыз»- дейт Кулматов. Буга чейин Нарындын коомчулугу аталган абак боюнча каршы пикирлерин билдирип келишкен. Ал эми жергиликтүү прокуратура жана милиция органдары болсо оңдолуп жаткан абак боюнча маалыматты адилет министрлигинин жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы гана берээрин билдиришти. (JI)

XS
SM
MD
LG