Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:44

Аба ырайы: шашылыш билдирүү!


Гидрометерология борборунун шашылыш маалымадаганына караганда, 27-29-апрелдерде жаан-чачындын арбын жааганынан улам Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-198-265 чакырымдарында кар көчкү жүрүшү ыкиымал. 29-апрелде Чүй өрөөнүнүн тоого жакын жайгашкан жерлеринде, Кемин районунда, Талас, Нарын, Ысык-Көл дубандарында 0-2 даража суук болуп, үшүк жүрөт. Эртең 28-апрелде Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында тынымсыз жааган жамгырга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Кыргызстанда маал-маалы менен жаан жаап, тоолуу аймактарда карга айланат. Тоолордо кар түшөт. Батыштан соккон желдин ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде кээ бир учурда 15-20, күндүзү Ысык-Көл ойдуңунда 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Ош, Жалал-Абад дубанында түнкүсүн +3...+8, күндүзү +11....+16 даража
Баткен чөлкөмүндө түнкүсүн +2....+7, күндүзү +10....+15 даража
Нарын аймагында түнкүсүн 0....+5, күндүз +9....+14 даража
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1....+6, күндүзү +7....+12 даража
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн +1....+6 күндүзү +8....+13 даража

Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаайт. Батыштан ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир учурларда 15-20 метрге жеткен жел жүрөт. Абанын температурасы: түнкүсүн +3....+5 күндүзү +9....+11 даража жылуу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG