Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

ИИМ: Петровка окуясында кармалгандардын үчөөнөн башкасы бошотулду


Бул тууралуу депутаттар менен жолугушууда ички иштер министринин орун басары Сабырбек Курманалиев билдирди. “Азаттыктын” кабарчысынын кабарына караганда, камакта калтырылган жарандар Улуттук Коопсуздук комитетинин же ИИМдин Чүй облустук милициясынын тергөө абагына киргизилет деп болжолдонууда. Петровка жаңжалына катышты деп кечээ кармалган 80ге чукул жарандын ишин бүгүн Москва райондук сотунун көчмө отуруму Бишкекте административдик тартипте карап, айрымдарын 300-400 сомдук айыппулга жыгып, айрымдарын бир күндүк камакка кести. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG