Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:21

Т. Тургуналиев: Бабырбек Жээнбеков алдамчылыкка барды деп күнөөлөнүүдө


“Ачык саясат” гезитинин баш редакторуна каршы арызды Биринчи май райондук сотуна Сабыр Жапаров аттуу жаран берген. Буга байланыштуу 20-апрелде башталган сот отуруму ар кандай себептер менен улам кийинкиге жылдырылып келатат. Бүгүн отурум 7-майга жылды.
Бабырбек Жээнбековдун коомдук коргоочусу Топчубек Тургуналиев бул кылмыш иштин артында саясий кызыкчылык бар деп эсептейт. Саясатчынын айтымында “оппозициянын көз карашын ачык чагылдырган “Ачык саясат” гезитин жаап, анын баш редакторун айыпка жыгуу – президенттик шайлоо алдында бийлик үчүн ыңгайлуу”.
Сабыр Жапаров 2004-жылы адвокат Жээнбековго өзүнүн жакын адамын коргоп берүү үчүн 10 миң доллар берип, бирок, адвокат убадасына турган жок деп, акчаны кайра өндүрүп алууну көздөп жатканын айтууда. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG