Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Пакистан: Сваттагы тынчтык келишими үзгүлтүккө учурашы мүмкүн


Пакистан - талиптер Сват менен чектеш Бунерден кетип жатышат, 24-апрель, 2009-жыл
Пакистан - талиптер Сват менен чектеш Бунерден кетип жатышат, 24-апрель, 2009-жыл
Дианаятчынын бул кадамы мындан 2 ай мурун жетишилген карама каршылыктуу келишимди үзгүлтүккө учуратышы ыктымал. Жергиликтүү бийлик менен түзүлгөн тынчтык макулдашуусуна ылайык, талиптер Сватта урушун токтотуп, ошол эле маалда ал жерде шарият киргизилмек.

Кээ бир кабарларга караганда, жекшембиде Пакистандын өкмөттүк аскерлери Сват өрөөнүндө 30 чакты согушкерди өлтүрүштү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тынчтык келишимин түзүүдө негизги ролду ойногон Мухаммад тоолуу Малаканддагы Дир чөлкөмүндө камоолдо калды.

Талиптер эми макулдашуу өз маанисин жоготуп койду деп ырасташууда. Шариятты орнотуу кыймылынын өкүлү билдиргендей, алардын башчысы Мухаммад Дирден аман эсен чыкмайынча, кыймыл сүйлөшүүлөргө катышпайт.

Маалыматтарга ылайык, аскерлер операцияны жергиликтүү жашоочулардын жана бийлик өкүлдөрүнүн өтүнүчү менен жүргүзүшкөн. Анын алдында балдар бомба коюлган топ менен футбол ойной баштап, жарылуудан 16 бала ажал тапкан. Эл бомбаны согушкерлер орноткон деп айыптоодо.

Армия жекшембиде жасаган билдирүүдө Дир чөлкөмүнүн калкы операциянын натыйжасына кубанып жатканы, өлгөндөрдүн арасында талиптердин кол башчыларынын бири бар экени айтылат.

Ал эми талиптер аскерий операцияны тынчтык келишимин бузуу деп эсептешет.

Алар Дир жана Бунер аймактарын өз көзөмөлүнө алууга аракеттенип жатышкан. Сваттагы антиталипчил пушту лидери Афзал Хан Лала “Эркин Ооганстан” радиосуна билдиргендей, согушкерлер шариятты тезирек орнотууну көздөшөт:

- Бул жерде көбүнчө бейкүнөө адамдардын, аялдардын, балдардын каны төгүлүп жатат. Талиптер сабырдуулугун көргөзсө болмок. Алар шарияттын дароо киргизилишин каалашат. Бул жерде кимдин бийлиги орнойт? Пакистан өз аймагынын бир бөлүгү болгон жерди башкалардын бийлигине өткөрүп бере албайт.

Жекшембиде берген интервьюсунда Пакистан армиясынын маалымат өкүлү генерал майор Атар Аббас өсүп жаткан камтамачылыктарды тынчытууга аракеттенди.

Ал ошондой эле Сваттагы талиптер Исламабад жана башка ири шаарларга коркунуч туудурушу ыктымал деген маалымат каражаттарынын божомолдорун четке какты:

- Баш калаа коркунучка кабылды деген кабар негизсиз. Шаардан 70,80 же 90 километр алыс жайгашкан 150-200дөй согушкер баш калаага эч кандай коркунуч жаратпайт.

Арийне, уруштан чарчап бүткөн жергиликтүү жашоочуларды “бардыгы жакшы” деп ынандыруу кыйын.

- Полиция же аскерлер бир жайды бомбаласа, бейкүнөө кишилер өлөт. Жаман адамдар эч качан өлтүрүлбөйт, - дейт Бунер шаарчасынын тургуну Нусхерван.

Пакистан армиясынын чакан операциялары Вашингтонду да тынчытпашы мүмкүн. Обама администрациясы талиптерди өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган негизги күч катары кароого Исламабадды үндөп келатат.

XS
SM
MD
LG