Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

Еврошаркет чыгыштагы коңшулардын абалына камтама


Люксембург -- Еврокомиссар Бенита-Ферерро Валднер "чыгыштагы алты коңшуга стабилдүүлүккө жетишүү үчүн дагы көп бар экенин" эскертти.
Люксембург -- Еврокомиссар Бенита-Ферерро Валднер "чыгыштагы алты коңшуга стабилдүүлүккө жетишүү үчүн дагы көп бар экенин" эскертти.

Алдыдагы айдын башталышында Прагада Еврошаркеттин "Чыгыштагы өнөктөштүк" саммити болот.Жолугушууну утурлап, биримдиктин тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнү Люксембургда чыгыштагы коңшуларда түзүлгөн кырдаалды талкуулашты.

Евросоюздун "Чыгыштагы өнөктөштүк" программасына Азербайжан,Армения, Белоруссия,Грузия,Молдова жана Украина кошулган. Бирок соңку кезде алардын бир тобунда түзүлгөн жагдай шаркетти тынчсызданта баштады.

Молдовада парламенттик шайлоодо тополоң тутанып,бул үчүн Кишинев Евросоюздун мүчөсү Румынияны айыптады. Грузияда президентти кызматтан кетирүүнү көздөгөн оппозициянын митингдери уланууда.Украинада мамлекет жана өкмөт башчыларынын тиреши өтүшкөн саясий кризиске айланды.

Дүйшөмбү күнү Люксембургда Евросоюз Кеңешинин жыйыны аяктаган соң шаркеттин азыркы төрагасы Чехиянын тышкы иштер министри Карл Шварценберг Молдавияны "ички-тышкы саясатта европалык духта" иш кылганга чакырды.

Жыйынга катышкандар,алардын ичинде немец жана швед тышкы иштер министрлери Франк-Вальтер Штайнмайер менен Карл Билдт "Украинада түзүлгөн жагдайга камтама болгонго бардык негиздер бар экенин" моюнга алышты. Бул өлкөдөгү саясий тунгуюктан жана экономикалык кризистен чыгуунун жолдорун иликтеп көргөнү Евросоюз Киевге атайын миссия жөнөтмөй болду.

"Бүгүнкү талкуулардан соң биз шайлоого чейинки,андан кийинки, президенттик өнөктүктөн кийинки кырдаалды стабилдештиргенге кандайча көмөктөшө аларыбызды караштырып чыгабыз",-деп айтты Евросоюздун тышкы саясаты жана коопсуздук иштери боюнча жогорку өкүлү Хавер Солана бул темага кайрылып.

Тышкы байланыштар жана коңшулук саясат боюнча еврокомиссар Бенита Ферроро-Валднер 7-майда Прагада башталганы жаткан "Чыгыштагы өнөктөштүк" саммитине токтолуп, экс-советтик алты өлкөгө стабилдүүккө жетишүү үчүн дагы көп бар экенин,бу иште аларга Евросоюздун жардамы керектигин белгиледи.

Прагадагы саммитке белорус президенти Александр Лукашенко да келет деп айтылган эле. Бирок дипломаттар жыйынга молдован жана белорус президенттери эмес,алардын өкүлдөрү чакырылышы ыктымал дешет. Саммиттин корутунду документин Еврошаркет чыгыштагы коңшулар менен талдап-талкуулап, алиге чейин толук макулдашып бүтө элек.

8-майда Еврошаркет Прагада энергетикалык долбоорлор боюнча да жыйын өткөрөт. Ага Азербайжан,Грузия,Түркия,Казакстан жана Түркмөнстан чакырылды. Байкоочу статусунда Ирак, Египет,Өзбекстан, ал эми кызыкдар тарап катары Россия, Украина, АКШ катышат.

Жыйынга орустардын келишине каршы чыккандар болушту. Бирок Германия, Франция, Италия жана Испания баш болгон өлкөлөрдүн талабы менен Москваны кантсе да саммитке чакырмай болушту.

Энергетика саммитинде Евросоюз "Набукко" газ долбооруна чечкиндүү саясий колдоо билдиргени жатат. "Набуккону" еврошаркеттегилер Түркмөнстандагы,ага кошо Өзбекстан менен Казакстандагы табигый газ кендерин Бакуга жалгаштырып,Борбор Азияны Кавказ аркылуу Европага тикелей туташтыра турган коридор катары санашат.

XS
SM
MD
LG