Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

А.Жекшенкуловго байланыштуу курултайда кол чогултулду


Арашанда өткөн Элдик курултайда “Акыйкат үчүн” кыймылдын жетекчиси Аликбек Жекшенкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү жана камактан бошотуу боюнча кайрылууга миңден ашуун жаран кол койду. Бул тууралуу жактоочу Асель Аргынбаева билдирди. Курултайда “Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Болот Шерниязов абактагы Аликбек Жекшенкулов жыйынга кат жолдоп, эл менен бирге экендигин билдирди. “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов 9-март күнү кармалган . Анын белекке алган “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчасы 2007-жылы Таласта киши колдуу болгон түрк ишкери Сервет Четинди өлтүрүүгө катышы бар деген шек менен укук коргоо органдары Жекшенкуловду камакка алган. (AJ)

XS
SM
MD
LG