Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:19

И.Өмүркулов: Петровка маселесин бүгүн парламентте кароо сунушталат


Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги СД фракциясынан депутат Иса Өмүркулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кечээ нааразы болгон тургундар коомдук комитет түзүп, тартип коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган адамдарды бошотууну, жергиликтүү укук коргоо органынын кызматкерлерин жоопко тартууну жана айылдагы күрттөрдү башка жакка көчүрүүнү талап кылышууда. Бул талаптар аткарылбаса айыл тургундары шейшембиде саат ондо чогулушуп, башка талаптар менен чыгарын билдиришти. Петровкага чүйдүн башка айылдарынан дагы элдер келишүүдө”,-деди Өмүркулов. Жекшембиде Петровка айылынын тургундары 4 жаштагы орус кызды зордуктады делип шектелген күрт жигитинин жоопко тартылбаганына, күрттөрдүн ээн баштыгына нааразы болушуп митинг өткөрүшкөн. Жыйындын аягында массалык башаламандык болуп, күрттөрдүн жыйырмадай турак үйлөрү талкаланып, бир жеңил машине өрттөлүп, 4 автоуна көңтөрүлгөн. Баш аламандыкка катыштыгы бар делип сексенге чукул адам кармалган. Кечээ айыл тургундары чогулушуп камактагыларды бошотууну талап кылышып Ош-Бишкек жолун буушкан. Бишкекте Москва райсотунун көчмө отуруму болуп кармалгандардын көпчүлүгүнө административдик жаза колдонулуп, айрымдарына айып пул салынып бошотулду. Петровка окуясы боюнча “Улут арасына от жагуу”, “Массалык тартипсиздик” деген беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, оппозициячыл саясатчылар Сапар Аргынбаев, Эркин Бөлөкбаев, Туратбек Мадылбеков Улуттук коопсуздук комитетинин абагына кармалышканы кабарланууда. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG