Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:34

Чочко тумоосунун таркап кетпөөсү үчүн чакырыктар ташталууда


Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, чочко тумоосу дүйнөнү каптаган коркунучтуу эпидемияга айланып кетпеши үчүн тиешелүү чараларды көрүү керектигин билдирди. АКШда президент Барак Обама дүйнө элин тынчсыздандырып турган бул жугуштуу ооруга байланыштуу дүрбөлөңгө алдырбай, ага даяр болууга чакырды. Европа биримдигинин саламаттыкты сактоо боюнча комиссары Андрола Василиу европалыктарды вирус пайда болгон мамлекеттерге саякатка баруудан баш тартууга чакырды. Чочко тумоосунун очогу алгач Мексикада пайда болуп, учурда бул өлкөдө анын айынан 150 чамалуу адам набыт болгону айтылууда. Шотландия, АКШ, Канада жана Испанияда чочко тумоосу менен бир канча адамдар катталганы менен азырынча жоготуулар боло элек. Дүйнөдөгү бир катар мамлекеттер учурда тыштан келаткан адамдарды өлкөгө киргизерден мурда вируска карата текшерүүдөн өткөрүшүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG